Редакцияот 04.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2018-жылдын 4-декабры № 425-б

Улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, кыргыз элинин рухий жана маданий баалуулуктарын сактоого жана чыңдоого кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында "Манас" эпосунун күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын:

Алмабеков Кубанычбек Касымалиевич

-

манасчы, Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынын хирургу;

Сапаралиев Абдыманап Маманович

-

манасчы, Ош облусунун Кара-Суу районунун Калинин атындагы айылдын айылдык клубунун башчысы;

Сейдракманов Назаркул Эшенкулович

-

манасчы, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын окутуучусу;

Токтогазиев Темирбек Шүкүрбекович

-

"Манас жаңырыгы" телерадиокомпаниясынын башкы директору;

Матов Алимбай Боронбаевич

-

манасчы.

 

Премьер-министр

М.Абылгазиев