Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

2019-жылдын 5-февралы № 50

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү төмөнкү курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри (коллегиянын төрагасы);

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык саясатты иштеп чыгуу боюнча иштерди талдоо жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 21-августундагы № 360 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 17-февралындагы № 37 буйругу.