Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 5
“Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишининТиптүү регламентин бекитүү жөнүндө"
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы кезексиз 17- сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы №136 каты менен келген 2018-жылдын 24-июлундагы № 01-18/88 буйругунун негизинде келген Типтүү регламентин карап чыгып , талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламенти бекитилсин.
2.Бекитилген Типтүү регламенттин негизинде иш алып баруу жагы аксакалдар сотунун төрагасы К.Асылбековго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом райондук “Айыл жарчысы” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |