Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 6
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө”
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы кезексиз 17- сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы №136 каты менен келген 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 буйругунун негизинде келген Типтүү жобону карап чыгып , талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын жергилктүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо бекитилсин.
2.Бекитилген Типтүү жобонун негизинде айылдык кеңеш тарабынан бекитилген комиссияга жобонун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлгө алуу айыл өкмөттүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.
4.Бул токтом райондук “Айыл жарчысы” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |