Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 25/1
“Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы, Ак-Жар, Бугучу, Кум-Дөбө айылдарынын айыл башчыларынын 2018-жылга аткарып келген иштери боюнча отчёту”
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл аймагындагы айылдардын айыл башчылары Н.Көчөров, Н.Акматов, М.Жумалиев жана М.Дүйшөналиевдердин маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы айылдардын айыл башчылары 2018-жылы аткарып келген иштери жана иштеринде келтирилген кемчиликтерди эске алуу менен төмөндөгүдөй баа берилсин.
- Шамшы айылынын айыл башчысы Н.Көчөровдун иштеген иштерине “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
-Бугучу айылынын айыл башчысы Н.Акматовдун иштеген иштеринде келтирилген кемчиликтерди эске алуу менен сын-сунуштардан жыйынтык чыгарып келет деген сунуш менен иштеген иштерине “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
- Кум-Дөбө айылынын айыл башчысы М.Жумалиевдин аткарып келген иштерине “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
- Ак-Жар айылынын айыл башчысы М.Дүйшөналиевдин иштеген иштеринде кемчиликтер болгондугу, бирок аймактарды өнүктүрүү жылында бир кыйла аткарган иштерин эске алуу менен “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |