Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 25/2
“ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун аткарып келген иштери, жайыт салыгын 2018-жылга аткарылышы, 11 айдын салыгы боюнча маалыматы жөнүндө”
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун аткарып келген иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун аткарып келген иштериндеги кемчиликтерден, сын-сунуштардан жыйынтык чыгарып, жыл аягынын 25-декабрь 2018-жылга чейин жайыт салыгын аткарып бүткөрүлсүн.
2. Быйылкы жылы келтирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгарып, 2019-жылга иш план, малдардын расстановкасы, келишимдери жана жайыт акыларын чогултуу боюнча иштери алып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |