Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 25/3
“Айыл өкмөтүнө караштуу “Шамшы”, “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканаларынын түзүлгөндөн берки 2018-жылдагы аткарып келген иштери жөнүндө”
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, “Шамшы”, “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканаларынын башчыларынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылындагы “Шамшы” муниципалдык ишканасынын жетекчисине, Кум-Дөбө айылындагы “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчисине аткарып келген иштерине төмөндөгүдөй баа берилсин.
- “Шамшы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Токушовдун иштеген ишине “Канааттандыраарлык” деп табылып, ар бир айылдык тургундары менен келишим түзүлүп, өз убагында салык жыйындарын аткаруу жагы тапшырылсын.
- “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөнбековдун иштеген ишине “Канааттандыраарлык” деп табылып, ар бир айылдын тургундары менен келишимдер түзүлүп, өз убагында салык жыйымдарын аткаруу жагы тапшырылсын.
2. Жогорудагы 2018-жылда уюштурулган муниципалдык ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгулов, ФЭБ башчысы Б.Тажиевдер менен бирдикте жалпы элдин санын тактоо, бюджет түзүү иштери боюнча тыгыз байланышта болуп иш жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |