Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 25/4
“Айыл аймагындагы ветеринардык иштер боюнча жана ветеринардык сервистердин жүргүзгөн иштери жөнүндө”
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адиси К.Нуркалиевдин жүргүзүп келген иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адиси К.Нуркалиевдин жана ветсервис адистеринин иштеген иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Айыл тургундары базардан сатып алган жана сатылган малдардын эсебин так, учётко өз убагында алуу, сырттан келген малдардын профилактикалык эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалымат карап билүү жагы айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча башкы адис К.Нуркалиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |