Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 25/5
“Айыл аймагындагы К.Мырзабеков, О.Айбашов, Б.Иманалиев атындагы орто мектептердин 2018-жылга кышка карата даярдыгы жөнүндө”
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, К.Мырзабеков, О.Айбашов, Б.Иманалиев атындагы орто мектептеринин директорлору К.Сексеков, Ж.Көчөкбаев, Б.Шамыровдордун кышка даярдыгы жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы К.Мырзабеков атындагы орто мектеби 2018-2019- жылдардын күз-кыш мезгилине керектелүүгө алган көмүрлөрдү кампаларына киргизип, сапаттуу жана үнөмдүү пайдалануу, жылуулук берилүүчү электр энергиясына берилген лимиттин сакталышын көзөмөлгө алуу, өрт коопсуздугу боюнча алдын-алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу жагы мектептин директорлору К.Сексековго, Ч.Абдраимовго тапшырылсын.
2. Шамшы айылындагы О.Айбашов атындагы орто мектептин директору Б.Шамыровго, завхозу Ш.Султангазиевге төмөндөгү иштерди аткарып турууну тапшырамын.
- Берилген лимиттен ашык электр энергиясын чыгымдообого;
- От казандардын иштешине көзөмөлдүк кылууга;
- Коюлган счётчик, шит приборлорго пловбу койдуруп көзөмөлгө алууга;
3. Ак-Жар айылындагы Б.Иманалиев атындагы мектептин директору Ж.Көчөкбаевге, завхозу Муратбек кызы Салтанатка төмөндөгү иштерди аткарууну тапшырамын.
- Берилген лимиттен ашык электр энергиясын сарптоого жол бербөөгө;
- Отканаларда адам өмүрүнүн коопсуздугу боюнча зыян келтирбөө боюнча инструктаж өткөрүп турууга;
4. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмалардан жыйынтык чыгарып, өз убагында айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын чыгашалар боюнча маалымат берүү жагы мектептердин директорлору К.Сексеков, Б.Шамыров, Ж.Көчөкбаевдерге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |