Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-марты, № 149
1. 2019-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин тизмеси (мындан ары - Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери бир жумалык мөөнөттө Тизмеге ылайык маселелерди даярдоонун кадамдык пландарын иштеп чыгып, бекитишсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу маселелерди даярдоо тапшырылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында каралуучу материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сапаттуу жана өз убагында киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү Тизмеге ылайык маселелерди даярдоого мониторинг жүргүзүүнү туруктуу негизде ишке ашырышсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркеме
2019-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралуучу негизги маселелердин
Тизмеси
№ | Маселенин аталышы
| Маселени/аналити-калык маалыматты даярдоо үчүн жооптуу органдын аталышы
| Баяндамачы
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маселелерди өз убагында даярдоону контролдоочу бөлүмдөру_
|
30-апрель
1 | Мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү жөнүндө
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | Кыргыз Республикасынын Финансы министри
| Финансы жана кредит саясаты бөлүмү
|
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруунун жүрүшү жана аны өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
| Кыргыз Республикасынын Экономика министри, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК төрагасы
| Финансы жана кредит саясаты бөлүмү
|
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ