Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

2019-жылдын 8-апрели № 178

Кытай Эл Республикасынын Хэнань провинциясындагы Чжэнчжоу шаарында 2019-жылдын 7-11-апрелинде өтүчү Инвестициялар жана соода боюнча 13-эл аралык форумга катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2019-жылдын 7-11-апрелинде Кытай Эл Республикасынын Хэнань провинциясындагы Чжэнчжоу шаарына командировкага жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдарды төлөө чакыруучу тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

Кытай Эл Республикасынын Хэнань провинциясындагы Чжэнчжоу шаарында 2019-жылдын 7-11-апрелинде өтүүчү Инвестициялар жана соода боюнча 13-эл аралык форумга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Расмий делегация:

Боронов Кубатбек Айылчиевич

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Адилбек уулу Шумкарбек

-

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору;

Торутаев Алтынбек Элимович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

Акматов Нурлан Орозбаевич

-

"Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы.