Редакцияот 04.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2018-жылдын 4-июну № 401

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2018-жылдын 30-мартындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын статс-катчыларынын 2017-жылдагы ишинин рейтинги жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Бардинова Нуржан Арзыкуловна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Мамыралиев Айбек Абаскановичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Сагымбаев Абдисамат Акимовичке

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин статс-катчысы;

Абдыжапаров Аскарбек Самийбековичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;

Карагул уулу Жакыпка

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы;

Шамшиев Абдухалык Абдулхаевичке

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев