КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 4-июлу, № 247-б
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-августундагы № 302-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Казахстан Республикасынын ортосундагы электр энергиясы менен тышкы соода товар алмашуу боюнча өз ара мамилелерди жөнгө салуу максатында, 2019-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын суу чарба жана энергетикалык ведомстволорунун өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн протоколун көңүлгө алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына электр энергиясы менен тышкы соода товар алмашуу боюнча 2019-жылдын 4-июлунан тартып 31-августуна чейинки мезгилде 1 кВтс үчүн 0,0000001 АКШ долларына барабар болгон шарттуу баада 270 млн кВтс чейинки көлөмдөгү электр энергиясы, жеткирүү жана диспетчердик кызмат көрсөтүүлөр үчүн кыргыз тараптын операторунун чыгымдарын казак тараптын төлөөсү жана 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып 30-ноябрына чейинки мезгилде Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 270 млн кВтс көлөмүндөгү электр энергиясын кийин кайтарып берүү шартында берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-августундагы № 302-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктун ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда электр энергиясы менен товар алмашуунун жүзөгө ашырылышын контролдоону камсыздоо сунушталсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |