Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-апрели № 3
Экскаватор тракторун сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы С.Ж.Бакировдун Самсунг МХ 132 W үлгүсүндөгү экскаватор тракторун сатуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган Самсунг МХ 132 W үлгүсүндөгү экскаватор трактору аукцион жолу менен, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жана ачык айкындуулукту камсыз кылуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлөө, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Экономика инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш комуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |