Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-апрели № 4
Башка айыл өкмөттөн жайытка келген малдарга жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдыхалиловдунжайытка башка айыл өкмөттөн келген малдарга жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн көлөмүн бекитүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башка айыл өкмөттөн келип, Кашка-Суу айыл аймагынын жайытынан пайдаланган малдарга төлөнүүчү салыктын көлөмү төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- Чоң бодо мал топоздор үчүн - 100 сом ;
- Кой-эчки үчүн - 15 сом;
2. Төлөмдөрдү өз убагында чогултуу, тактоо жана Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешине отчет берүү жоопкерчилиги Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдыхалиловго милдетендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Экономика инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш комуникация боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы. Ж. Эрмаматов |