Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-марты №27/1
2019-жылдын 02-март күнү Кең-Жылга айылынын тургуну Токтобаев Бердибай Алыкуловичтин турак жайы өрт кырсыгынан жабыркагандыгына байланыштуу жардам берүү жөнүндө
2019-жылдын 02-март күнү Кең-Жылга айылынын тургуну Токтобаев Бердибай Алыкуловичтин турак жайы өрт кырсыгынан жабыркагандыгына байланыштуу, жардам берүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бекитилген жарандык коргонуу (702) бөлүмүнүн кырсыктарды алдын алуу боюнча коюлган акча каражатынан Кең-Жылга айылынын тургуну Токтобаев Бердибай Алыкуловичке жаңыдан турак жай баштоого 30000 (отуз миң) сом бөлүп берүү жагы белгиленсин.
2. 2019-жылдын 02-март күнү Кең-Жылга айылынын тургуну Токтобаев Бердибай Алыкуловичтин турак жайы өрт кырсыгынан жабыркагандыгына байланыштуу Корул айыл өкмөтүнө төлөнүүчү салыктардан үч жылга (2019-2020-2021-жж.) бошотулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Тоотаева Назгүлгө милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |