Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-марты № 17-19/2
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешенин чыгашадан ашкан бɵлүгүнɵн үнɵмдɵлгɵн 1212968,40 сом акча каражатын сунушталган сметага бɵлүп берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жɵнүндɵгү» Мыйзамынын негизинде Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башкы эсепчиси Ж. Абдрашитованын билдирүүсү боюнча карап жана талкуулап, Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХVII чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджеттин кирешенин чыгашадан ашкан бɵлүгүнɵн үнɵмдɵлгɵн 1212968,4 сом акча каражаты сунушталган сметага тɵмɵнкүдɵй бɵлүнсүн:
№ | Аталышы | Сумма |
1 | Кичи футбол аянтчасын оңдоо үчүн өздүк салымына | 180000 |
2. | Кампаны оңдоо жана эгин тазалоочу жабдуу сатып алуу үчүн өздүк салымына | 140000 |
3. | Резервуарды жана суу түтүкчөлөрдү оңдоо | 300000 |
4. | Айыл өкмөтүнүн имаратынын айланасына тосмо тосуу | 446300 |
5. | Аксакалдар жана жаштар борборунун кенсесине инвентарларды сатып алуу | 136742,40 |
6. | Балдар бакчасынын атайын каражаттарынын сметасы |
|
| Бала бакчасынын тамак ашы үчүн | 9926 |
| Баардыгы: | 1212968,40 |
2. Бул токтомдун аткарылышы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Р. Жумуковго жана башкы эсепчиси Ж. Абдрашитовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом айыл ɵкмɵтүнүн аппаратынан каттоодон ɵткɵрүлүп, www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Төрага | К. Ажыгулов |