Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 22-августу № 308-б

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы "Чек арасыз дарыгерлер - Швейцария" эл аралык гуманитардык уюмунун арызынын негизинде Тойота-Лэндкрузер маркасындагы, 2005-жылы чыккан, ак түстөгү, кыймылдаткычынын номери 1НZ0528033, кузовунун номери JТЕRВ71J100035756, Тойота-Лэндкрузер маркасындагы, 2009-жылы чыккан, ак түстөгү, кыймылдаткычынын номери 1НZ0621970, кузовунун номери JТЕRВ71J800053123 автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке өткөрүп алсын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев