Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 2
Боо-Терек айыл аймагында өнүктүрүү фондунун эсебин ачуу жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышынын XХVIII – сессиясы
Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 02-17/542 сандуу “Өзү туулуп өскөн айылына жардам берүү максатын көздөгөн өлкө ичинде жана өлкөдөн сырткары иштеген ишкерлердин эсебинен каражат топтоо” жөнүндөгү катын карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Өзү туулуп өскөн айылына жардам берүү максатын көздөгөн өлкө ичинде жана өлкөдөн сырткары иштеген ишкерлердин эсебинен каражат топтоо үчүн Боо-Терек айыл өкмөтүндө “Боо-Терек айыл ынтымагы” аталышындагы өнүктүрүү фондунун эсеби ачылсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Бейшебаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У. Андакулов |