Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 4
Боо-Терек айыл аймагындагы Жакыпбек көчөсү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышынын XХVIII – сессиясы Боо-Терек айыл аймагындагы Жакыпбек көчөсүнүн тургундарынын арызы боюнча түзүлгөн Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 8-майындагы № Б-59/1 сандуу буйругу менен Боо-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Жакыпбек көчөсүнүн узун-туурасын жана кызыл сызыгын аныктоо максатында түзүлгөн комиссия курамынын корутундусун карап талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Боо-Терек айылынын Генералдык планын, Бакай-Ата райондук мамкаттоо башкармалыгынын Боо-Терек айылы боюнча 2004-жылы бекитилген системалык картасын жана Жакыпбек көчөсүндө жашаган тургундардын жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актысын, инвентардык делолорун жана башка тиешелүү иш кагаздарын карап, өзгөртүү киргизүү максатында Жакыпбек көчөсүнүн туурасы 16 метрден 12 метрге келтирүү жагы Бакай-Ата райондук шаар курулуш архитектура башкармалыгы жана Бакай-Ата райондук мамкаттоо башкармалыгы менен макулдашылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы
Э. Бейшебаевге жүктөлсүн.
Төрага |
У. Андакулов |