КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 13- сентябры № 541-б
Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча Улуттук ыктыярдуу серептин долбоорун өз убагында даярдоо максатында, 2020-жылы июль айында Бириккен Улуттар Уюмунда Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумда көрсөтүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүнүн Улуттук ыктыярдуу серебин даярдоо боюнча (мындан ары-Улуттук ыктыярдуу сереп) координациялык комиссия (мындан ары -Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссиянын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери менен ведомстволорунун сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын экономика маселелери боюнча вице-премьер-министри тарабынан бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибинин эскизин тандоо боюнча уюштуруу иш-чараларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзсүн (конкурс өткөрсүн) жана бир айлык мөөнөттүн ичинде Комиссияга бекитүүгө берсин.
5. Комиссия ыкчам түрдө төмөнкүлөрдү бекитсин:
- Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоо боюнча план-графикти;
- Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын логотибин.
6. Комиссия өзүнүн ишин камсыздоо үчүн төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү, коомдук жана илимий уюмдарды, ишкер жана эксперттик коомчулукту өз ишине тартууга
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен кеңири масштабдагы тийиштүү иштерди жүргүзүүгө.