КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-декабры № 430-б
Бельгия Королдугунун Брюссель шаарында 2018-жылдын 10-декабрында өтүүчү Кыргыз Республикасы - Европа Бирлиги кызматташтыгы боюнча кеңештин он алтынчы жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Айдарбеков Чингиз Азаматович | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, делегациянын башчысы; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Исаев Асеин Кусеинович | Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги туруктуу өкүлү; |
Акжолов Нурбек Акжолович
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын программалык жардам жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы.
|
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |