КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 23-ноябры № 418-б
Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 12-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн, мурда брондон чыгарылган азык-түлүк буудай данынан 60 тонна көлөмүндөгү биринчи сорттогу унду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 2019-жылга каралган каражаттын эсебинен ун тартылган азык-түлүк буудай данынын көлөмүнүн ордун он эки айдын ичинде толтурсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте Нарын облусундагы дайындалган жерине 60 тонна көлөмдөгү, биринчи сорттогу унду 2018-жылга министрлик үчүн каралган каражаттардын эсебинен жеткирүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургундарына унду акысыз негизде даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |