Редакцияот 19.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 19-ноябры, № 407-б

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин кошумча каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренеоине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- социалдык турак жай курууну каржылоону камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 2018-жылга 90 000 000(токсон миллион) сом кошумча акча каражатын бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүңдө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына езгөртуүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул буйруктан келип чыгуучу тийиштүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев