Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-июну № 24/2
Эпкин айылына балык чарбасын уюштуруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча айыл тургундарынын кайрылуу каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кубтан” Форель жоопкерчилиги чектелген коомунун 20-апрель 2019-жылдагы кайрылуу катынын, Эпкин айылынын жалпы тургундарынын 23-апрель 2019-жылдагы № 6 протоколунун жана Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 22-июнь 2019-жылдагы АКТынын негизинде Чолпон айылдык кеңешинин депутаты Жеңишбеков Чолпонбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чолпон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эпкин айылынын 2019-жылдын 3-июнундагы жалпы айыл тургундарынын №6 протоколу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, Ишеним, Жаратмандык” жана 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ № 2 “Региондорду өнүктүрүү” программаларына ылайык балык чарбасын өнүктүрүү максатында Эпкин айылынын Тегирмен участкасынан 5,0 га жер аянты убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп мыйзамдаштырып берүү жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн ЖПБ төрагасы У.Өмүрбековго жана айылдык кеңешинин депутаты Ч. Жеңишбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Д. Абдраимов