Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

 2019-жылдын 6-ноябры № 645

2019-жылдын 11-15-ноябрында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Лондон шаарында өтө турган Кыргыз-британия үчүнчү инвестициялык форумунун ишине жана Борбордук Азиядагы республикалар үчүн экологиялык реабилитациялоо эсебинин ассамблеясынын төртүнчү жолугушуусуна катышуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2019-жылдын 11-15-ноябрында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Лондон шаарына командировкага жиберилсин.

3. Жашап туруу, анын ичинде барып-келүү менен байланышкан чыгымдар чакыруучу тараптын эсебинен төлөнөт. Суткалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

2019-жылдын 11-15-ноябрында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Лондон шаарында өтө турган Кыргыз-британия үчүнчү инвестициялык форумунун ишине жана Борбордук Азиядагы республикалар үчүн экологиялык реабилитациялоо эсебинин ассамблеясынын төртүнчү жолугушуусуна катышуучу делегациянын КУРАМЫ

Боронов Кубатбек Айылчиевич

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Иманалиев Данияр Шаршенбекович(**)

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Байсалов Эдиль Жолдубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;

Дамир уулу Максат(*)

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору;

Кушбаков Дамирбек Шамшидинович

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин директору;

Адилбек уулу Шумкарбек(**)

-

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору;

Баясов Нурадил Мирбекович(**)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча секторунун башчысы;

Турдумамбетов Руслан Каныбекович

-

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;

Эшалиев Канжарбек Жаныбекович(**)

-

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;

Таалайбекова Толкунай Таалайбековна(**)

-

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин эксперти;

Карыбай уулу Канатбек

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси.

Эскертүү:

(*) - 2019-жылдын 11-13-ноябрына чейин Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Лондон шаарына командировкага жиберилет;

(**) - 2019-жылдын 11-14-ноябрына чейин Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун Лондон шаарына командировкага жиберилет.