Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 205-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 14-ноябры № 424-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-майындагы № 183-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн "Газпром" коомдук ачык акционердик коомунун инвестицияларын "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тартуу боюнча жол картасын ишке ашыруучу ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
|
| "Тиркеме |
Мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн "Газпром" коомдук ачык акционердик коомунун инвестицияларын "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тартуу боюнча жол картасын ишке ашыруучу ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Ниязалиев Нуран Садырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Адылбек уулу Шумкарбек | - | Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору; |
Тайлаков Кеңешбай Доскулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Айдарова Миргуль Мырзагельдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Шерипов Элдияр Джеңишович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Абиров Мыктыбек Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Карагулова Айдай Нурдиновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Исаева Джамиля Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары; |
Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Бостонов Рашид Абдумаликович | - | "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Султанов Бекболот Мырзакматович | - | "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча). |
Эскертүү:
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошонуп кеткендигине байланыштуу комиссиядан чыгып кеткен учурда анын милдеттери ушул кызматка жаңы дайындалган адамга жүктөлөт.