Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2018-жылдын 30-марты № 110-б

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

- Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Новиков А.Э.

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары;

Абдиев Б.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Сокуров К.К.

-

Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш жергиликтүү кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Насыбалы уулу Каныбек

-

Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айыл аймагынын Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Жунушев Д.М.

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору;

Кыдырбаев У.А.

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

- ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын курамынан Панкратов О.М., Кожошев А.О., Зилалиев Д.Т., Мамбетов Т.М., Кожомуратов Р.Т., Жусупов Б.А., Жаманбаев М.К., Толубаев Т.М. чыгарылсын;

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Рыскулов У.Д. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасы;";

- он төртүнчү абзацындагы "Рыскулов У.Д." деген сөздөр "Оморов А.К." деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жыйырма биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жыйырма үчүнчү абзацындагы "районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын биргелешкен жыйынынын" деген сөздөр "районундагы Баш-Кууганды айылдык кеңешинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

С. Дж. Исаков