Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 27-марты № 108-б

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 короновирустук инфекциясын дүйнөдө пандемия деп жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында короновирустук инфекцияны жаны жуктургандар табылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу, тамак-аш менен камсыздоо максатында:

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 200-буйрукунун редакциясына ылайык

1.    Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен өзгөчө абалдын, өзгөчө кырдаалдын режимин камсыздоо боюнча милдеттерин аткаруу үчүн блокпостторго жана санитардык-карантиндик постторго тартылган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматчыларын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактво министрлигинин, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин белгиленген тартипте тамак-аш менен камсыздасын.

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 200-буйрукунун редакциясына ылайык

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган министрликтердин сметаларынын эсебинен «Тамак-аш азыктарын сатып алуу» 2218-беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине кошумча чыгымдар сметасын карасын.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр

 

 

К.А. Боронов