Редакцияот 05.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 5-марты № 68-б

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы №1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-февралындагы № 14-6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласы "концепциясын" деген сөздөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылын" деген сөздөр "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: " 2. Уюштуруу комитети:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө", 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө", 2020-жылдын 8-январындагы № 1 "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

- бир жумалык мөөнөттө Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыксын;

3-пунктундагы "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын" деген сөздөр "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү

санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 3'-пункт менен толукталсын:

"З1 Уюштуруу комитета министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой

эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте өз ишине тартууга укуктуу.";

- 5-пунктундагы "курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө" деген сөздөр "санариптик трансформациялоо бөлүмүнө, социалдык өнүктурүү бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

 

Тиркеме

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин

курамы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

социалдык блокту тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өнер жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо секторунун башчысы;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

вш шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Кел облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн вш облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялык жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев