Редакцияот 08.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 8-апрели № 120-6

Чуй облусунун жана Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына ун (мурда брондон чыгарылган дандан) жана кумшекер түрүндө кайтарымсыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 9-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Чуй облусунун жана Бишкек шаарынын калкынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында берсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына 300 (үч жүз) тонна биринчи сорттогу ун, 28,248 (жыйырма сегиз тонна эки жуз кырк сегиз килограмм) кумшекер;

- Бишкек шаарынын Мэриясына 70,0 (жетимиш) тонна биринчи сорттогу ун, 8,4 (сегиз тонна төрт жүз килограмм) кумшекер.

2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын каражаттын эсебинен ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды Бишкек шаарына жана Чүй облусунун райондорунун борборлоруна жеткирүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) гуманитардык жардамды белгиленген тартипте бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмюүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев