Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 7-сентябрындагы № 680-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 15-майы № 175-б
Майыптыгы бар адамдарды социалдык коргоо менен байланышкан маселелерди кароодо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кенеш 1 -тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кенеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
жарандык коомдун өкүлү, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кеңештин катчылыгы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);