КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 11-майы № 171-б
Пробация институтун мындан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) Кеңештин ишине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин курамы
Боронов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; |
Канулькулов М.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. |
Координациялык кеңештин мүчөлөрү: | ||
Каратаев М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Асанов П.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Солтонбекова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Омуров Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Эгембердиев А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Сапиянова М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын мыйзамдар менен иштөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Парханов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Кожомбердиев У.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Исаков К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Чотаев З.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары; |
Алишеров Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Нурдинов Э.С. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Оскомбаева К.Т. |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Зарылбек уулу А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору; |
Түлөбаев Б.З. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Джакшылыкова Г.Д. | - | Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КМЮА) "Укук чеберчилиги" Инновациялык-укуктук борборунун координатору (макулдашуу боюнча); |
Родионенко Е.Н. | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эл аралык программалык менеджери (макулдашуу боюнча); |
Сапарбаев Б.К. | - | Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын пенитенциардык маселелер боюнча улуттук эксперти (макулдашуу боюнча); |
Стивен Д.Д. | - | Кызыл крест эл аралык комитетинин миссиясынын пенитенциардык система боюнча региондук кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Шумская Н.А. | - | "Кыргыз Республикасындагы СПИД Фонд Чыгыш-Батыш" коомдук фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Бекембаева Г.Т. | - | "Поколение ИНСАН" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча). |
Эскертүү: Координациялык кеңештин мүчөсү ээлеген кызматынан бошотулгандыгына (четтетүү, ооруп калуу, өргүүгө чыгуу, башка себептерден) байланыштуу чыгып кеткенде, анын милдеттери ушул кызмат орунга жаңы дайындалган адамга (же аталган кызмат боюнча милдетин аткаруучуга) өтөт.
2-тиркеме
Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Пробация институтун өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишинин максаттарын, ыйгарым укуктарын, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кеңеш пробация институтун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыккан координациялык кеңеш берүүчу орган болуп саналат.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүне кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кеңештин иши коомдук негизде жүргүзүлөт.
2. Кеңештин милдеттери
5. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) пробация маселелери боюнча чараларды, ошондой эле ушул тармактагы максаттуу программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
2) пробация институтун өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу программаларын аныктоо;
3) пробация институтун өркүндөтүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууга катышуу;
4) пробация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.
3. Кецештин ыйгарым укуктары
6. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) пробацияны өркүндөтүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуу;
2) пробация маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын аракеттенүүсүн координациялоо;
3) пробация институтун ишке киргизүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын отчетторун кароо;
4) Кеңештин мүчөлөрүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын жетекчилеринин пробация институтун өнүктүрүү иш~ чараларын ишке ашыруу маселелери боюнча маалыматтарын угуу;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан пробация маселелери боюнча зарыл болгон маалыматты сурап алуу;
6) зарыл болсо, Кеңештин мүчөлөрүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, коомдук жана илимий уюмдардын, эксперттик коомчулуктун кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке тартуу.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
7. Кеңештин жыйынын төрага, ал жок болгон учурда - Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
8. Кеңеш өзүнүн ишин жыйындар формасында жүзөгө ашырат. Координациялык кеңештин жыйындары зарылдыкка жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
9. Кеңештин жыйыны аньш 2/3 кем эмес мүчөлөрү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
10. Кеңештин чечими кворум болгон учурда, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жыйынына катышкандардын добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
11. Добуштар тең чыкканда төраганын добушу чечүучү болуп саналат.
12. Кеңештин чечими протокол менен таризделет, ага төрага кол коёт жана ал Кеңештин мүчөлөрүнө жөнөтүлөт.
13. Кеңештин катчылыгынын функцияларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти аткарат.
Катчылык жыйындарды уюштурууну жана Кеңештин чечимдерин протоколдук тариздөөнү камсыздайт.
14. Кеңештин жыйынынын ишине мамлекеттик органдардын кызматкерлери тартылышы мүмкүн.
15. Кеңеш өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде токтотот.
______________________________________________________________________________________________________________