РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 29-июнундагы № 249 (2020-жылдын 30-июнунда видеоконференц-байланыш форматында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигининин Экономикалык кеңешинин 86-жыйынына катышуу жөнүндө) буйруку

Редакцияот 29.06.2020
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 29-июну № 249

2020-жылдын 30-июнунда видеоконференц-байланыш форматында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигининин Экономикалык кеңешинин 86-жыйынына катышуу үчүн:

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Рыскулова Айгуль Маратбековнага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

К.А Боронов