РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-министринин 2020-жылдын 4-августундагы № 303 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлоо жөнүндө) буйругу

Редакцияот 04.08.2020
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 4-августу № 303

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:

Кутманов Бакытбек Зарылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын статс-катчысы;

Искембаева Гульмайрам Асановна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын тамак-аш коопсуздугу секторунун башкы инспектору;

Чынкожоев Жамалбек Алымкулович

-

Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын малдын ден соолугун контролдоо бөлүмүнүн башчысы;

Мукалиев Бапа

-

Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын Ала-Арча ветеринардык дарылоо жайынын жетектөөчү ветеринардык дарыгери.

 

Премьер-министр

К.А. Боронов