КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-августундагы № 273-б (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө) буйругу
Бул документ орус тилинде да барРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 13-августу № 273-б
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 129-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун биринчи абзацы "даана тест-системаларды" деген сөздөрдөн кийин ", полимераздык чынжырдык реакция топтомдорун" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |