РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 372 (Ак ниет жана улгулуу кызматы үчүн, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлоо жөнүндө) буйругу

Редакцияот 28.08.2020
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 28-августу № 372

Ак ниет жана улгулуу кызматы үчүн, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:

Абдыбеков Урмат Насыпбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

Жапаров Мирлан Муратбекович

-

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча тобунун өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын подполковниги.

 

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Абакиров Рахат Канатовичке

-

Чуй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн "Ивановка" айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги, милициянын майору;

Уланов Нурсултан Улановичке

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын № 714 аскер бөлүгүнүн ыкчам багыттагы тобунун командири, капитан;

Байбосунов Асылбек Акжолтоевичке

-

Ысык-Кел облусунун Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу изоляторунун улук инспектору, милициянын капитаны;

Калыков Бакыт Абдиманаповичке

-

Ош облусунун Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн М.Сактанов атындагы Жаны-Ноокат айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын капитаны;

Садабаев Умет Касеновичке

-

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын каракчылыка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын улук лейтенанты;

Токебаев Самат Салайдиновичке

-

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын мүлктүк кылмыштардын бетин ачуу бөлүмчөсүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын лейтенанты;

Бейшекеев Туратбек Эсенгуловичке

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиция батальонунун взводунун командиринин орун басары, милициянын улук прапорщиги;

Дыканбаев Эмурбек Абибиллаевичке

-

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын бөлүмчөсүнүн командири, милициянын прапорщиги.

 

 

Премьер-министр

К.А. Боронов