Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 303-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 28-октябры № 354-б
Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн комплекстүү баалоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү талдоонун бирдиктүү форматы, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүнүн мониторинг системасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана финансы-кредиттик мекемелер (макулдашуу боюнча):
- жыл сайын, алдыда болжолдонгон жылга, жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча пландык (болжолдуу) көрсөткүчтөрдү берип турушсун;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча иш жүзүндөгү маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине иш жүзүндөгү маалыматтарга түшүндүрмө катты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча маалыматтарды берип турсун.
4 Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 3үнө чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине 2-тиркемеге ылайык форма боюнча маалыматтарды берип турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 5ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 1 жана 2-тиркемелерге ылайык форма боюнча региондор жөнүндө маалыматтарды жана аналитикалык материалдарды берип турсун.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- ушул буйрук кабыл алынгандан кийин бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү баалоо тартибин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;
- жыл сайын, алдыда болжолдонгон жылга, жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө 2-тиркемеге ылайык форма боюнча макулдашылган болжолдуу/пландык көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берип турсун;