КР Премьер-министринин 2020-жылдын 14-ноябрындагы № 625 (Кызматтык ыйгарым укуктарымды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотуу) жөнүндө буйругу
Бул документ орус тилинде да барРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 14-ноябры № 625
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине ылайык өзүмдүн кызматтык ыйгарым укуктарымды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотом.
2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Н.Жапаров |