РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-министринин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 665 (2020-жылдын 9-декабрында видео-конференц-байланыш форматында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 88-жыйынына катышуу жөнүндө) буйругу

Редакцияот 09.12.2020
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 9-декабры № 665

2020-жылдын 9-декабрында видео-конференц-байланыш форматында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 88-жыйынына катышуу үчүн:

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Рыскулова Айгуль Маратбековнага Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр

 

 

А.Э.Новиков