РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 416-б «Кыргыз Республикасыныы өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн»Арзан турак жай 2015-2020«программасын ишке ашыруу жөнүндө» буйруку

Редакцияот 31.12.2020
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 31-декабры № 416-б

 Кыргыз Республикасыныы өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна баштапкы төгүмдүн суммасына жараша жылына 7-9 пайыздык ставкалар менен мурда берилген колдонуудагы бардык ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды өзүнүн маржасын кыскартуунун эсебинен 2021-жылдын 1-январынан тартып жылына 6-8 пайызга чейин кайра эсептөө жүргүзүү сунушталсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министр

 

 

А.Э.Новиков