Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2021-жылдын 19-февралы № 33-б
1. Валюталык укук мамилелерин жөнгө салууга жана либералдаштыруу чараларын көрүүгө карата макулдашылган ыкмалар жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен кызматташуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы 326-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | У.А.Марипов |