Редакцияот 12.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2021-жылдын 12-февралы № 24-б

Улуттук коопсуздукту камсыздоо кызыкчылыгында, өкмөттүк байланыш тармагын эксплуатациялоо жана коргоону камсыздоо үчүн шарттарды жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-мартындагы № 98-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун тиркемесинин 36-пунктундагы "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2020-жылдын 30-декабры" деген сөздөр жана цифралар "2021-жылдын 31-майы" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

У.А.Марипов