Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
2021-жылдын 19-марты № 210
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 1 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 34 жана 36-пункттарына ылайык:
1. Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын долбоорун (мындан ары - Концепция) иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бардык кызыкдар тараптар, коомчулук менен бирдикте келип түшкөн сунуштарды көңүлгө алуу менен Концепциянын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2021-жылдын 30-мартына чейин киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) адистерин, эксперттик коомчулуктун (макулдашуу боюнча) жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды сурап алууга жана ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу органы болуп аныкталсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| У.Марипов |
Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кызматы боюнча:
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары.