Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 677 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2021-жылдын 1-апрели № 318

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитилсин:

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 29-мартындагы № 363 буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 10-февралындагы № 29 буйругу;

3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 1-февралындагы № 61 буйругу;

4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 29-августундагы № 488 буйругу;

5) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 19-февралындагы № 114 буйругу;

6) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-июлундагы № 491 буйругу.

 

Премьер-министр

У.А.Марипов

 

Тиркеме

Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун кызматкери, Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы;

Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

"Өндүрүшчүлөрдүн жана Ишкерлердин Кыргыз бирлиги" юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча);

"Кыргыз Республикасынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Л.М.Фомова атындагы калкты социалдык жактан коргоочу коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).