КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 5-майы ПЖ № 114
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 14-майындагы № 156, 2021-жылдын 27-майындагы № 229, 2021-жылдын 25-октябрындагы № 481, 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520, 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 158 , 2022-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 222, 2023-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 69, 2023-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 240 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен башкаруунун президенттик формасы, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин органдарын түзүүнүн жаңы тартиби орнотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелгендигин көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 59 Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укук мурастоочусу деп эсептелсин.
3. (КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 481 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 481 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:
- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;
- Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;
- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
- Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;
- Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги;
- Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик;
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
(КР Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520, 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 158, 2022-жылдын 8-июлундагы ПЖ № 222, 2023-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 69, 2023-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 240 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |