РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 108-б «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардын калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана кайра иштетүү максаты жөнүндө" буйругу

Редакцияот 28.04.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

 

БУЙРУК

 

2021-жылдын 28-апрели № 108-б

 

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардын калдыктарын экологиялык реабилитациялоо жана кайра иштетүү максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте жеткиликтүү мыкты технологияларды колдонуу менен Солтон-Сары кениндеги Алтын-Төр участогун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайды экинчи жолу иштетүүгө уруксат берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

У.Марипов