РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 91-б (Расмий тилдеги 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасын жактыруу тууралуу) буйругу

Редакцияот 15.04.2021
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2021-жылдын 15-апрели № 91-б

Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 16 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Расмий тилде тиркелген 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактты аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасы жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган баяндаманы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына белгиленген тартипте жиберсин.

 

Премьер-министри

У.А.Марипов