КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 158-т (Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Киров суу сактагычында чакан гидроэлектр станциясын долбоорлоону жана курууну камсыз кылуу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2021-жылдын 27-августу № 158-т
Кыргыз Республикасында энергетикалык коопсуздукту, энергетикалык системанын ишенимдүү, туруктуу иштешин камсыз кылуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) жана "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Киров суу сактагычында кубаттуулугу 25 МВт болгон чакан гидроэлектр станциясын долбоорлоону жана курууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Киров суу сактагычында чакан гидроэлектр станциясын долбоорлоого жана курууга "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому үчүн каржылоо булактарын тапсын.
3. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча), "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Киров суу сактагычында чакан гидроэлектр станциясын куруу үчүн эл аралык донорлорду тартуу жолу менен каржылоонун альтернативдүү булактарын табышсын.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы Киров суу сактагычында чакан гидроэлектр станциясын курууга жана 110 кВ аба линиясын куруу үчүн керектүү жер тилкелерин бөлүп берүүгө көмөктөшсүн.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
Төрага | У.А.Марипов |