КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 186-р «Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү» тескеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 15-сентябры № 186-т
Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнү менен камсыздоо, сорт алмаштыруу жана Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына келген күздүк буудай үрөнүн максаттуу пайдаланууну контролдоо максатында, Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын тогузунчу жыйынынын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында жетишилген макулдашууларга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте:
1) мурда берилген бюджеттик кредиттер, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктар жана бюджетке чегерилүүчү башка милдеттүү төлөмдөр боюнча заемчунун мөөнөтү кечиктирилген карызынын жоктугу критерийин жетекчиликке алуу менен облустардын жана райондордун үрөнчүлүк чарбаларынан жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн күрөөлүк камсыздоонун негизинде күздүк буудайдын "Аср" жана "Давр" сортторунун үрөнүнө табыштамаларды 2021-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө алууну уюштурушсун;
2) Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам түрүндө 1,0 миң тонна үрөн, анын ичинде суперэлита үрөнү - 50 тонна, элита үрөнү - 370 тонна жана биринчи репродукциядагы үрөн - 580 тонна өлчөмүндө келген күздүк буудайдын үрөнүн убактылуу сактоого кабыл алууну уюштурушсун;
3) 2021-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө күздүк буудай үрөнүн көбөйтүү жана пайдалануу программасын жана алуучулардын тизмесин кароо жана квоталарды аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине берсин;
4) төмөнкүлөрдү камсыз кылышсын:
- күздүк буудайдын "Аср" жана "Давр" сортторунун үрөнүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин квотасына ылайык үрөнчүлүк чарбалар менен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин катынын негизинде кампалардан күздүк буудайдын "Аср" жана "Давр" сортторунун үрөнүн иргеп алууну;
- күздүк буудайдын "Аср" жана "Давр" сортторун максаттуу пайдаланууну жана аларды өз убагында кайтарууну.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн табыштамаларын жалпылоону камсыз кылсын;
- күздүк буудайдын "Аср" жана "Давр" сортторунун үрөнүн көбөйтүү жана пайдалануу программасынын негизинде облустар боюнча квотаны аныктасын;
- күздүк буудайдын "Аср" жана "Давр" сортторунун үрөнүн алуучулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жиберсин;
- күздүк буудайдын "Аср" жана "Давр" сортторунун үрөнүнүн бөлүштүрүлүшүн жана иргелишин контролдоону камсыз кылсын;
- күздүк буудайдын "Аср" жана "Давр" сортторунун үрөнүн Кыргыз Республикасынын техникалык шарттарына ылайык кабыл алуу, сактоо жана берүү процессинде сапатына лабораториялык контролду жүргүзсүн.
3. Үрөнчүлүк чарбалар жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн Өзбекстан Республикасынан келген күздүк буудайдын "Аср" жана "Давр" сортторунун үрөнүнүн 1 килограммына төмөнкү сатуу баасы белгиленсин:
- суперэлита - 25 сом 63 тыйын;
- элита - 18 сом 10 тыйын;
- биринчи репродукция - 15 сом 60 тыйын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) тиешелүү үрөнчүлүк чарбалар жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү менен төмөнкү шарттарда кредиттик келишимдерди жана күрөө келишимдерин түзсүн:
- чарбакер субъект ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн төлөөгө жөндөмдүүлүк критерийине жооп бериши керек;
- пайыздык ставка жылына 2 (эки) пайыз болушу керек;
- кечиктирилген төлөмдөр үчүн финансылык санкциялар (айып) жылына 4 (төрт) пайыз өлчөмүндө белгиленет;
2) үрөн кабыл алууну ырастоочу документтердин жана үч тараптуу текшерүү актысынын негизинде заемчунун карызын азайтуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- үрөнчүлүк чарбалар жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү алынган бюджеттик кредитти Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы карызды жоюунун эсебине акчалай каражат менен кайтарып беришет;
- өрөөндүү райондордогу чарбалар үчүн бюджеттик кредитти кайтаруу мөөнөтү - 2022-жылдын 1-сентябрына чейин, тоолуу райондордогуларга - 2022-жылдын 15-сентябрына чейин.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У. А. Марипов |